Кыргызстанда кечкисин светтин маал-маалы менен өчүрүлүшү күтүлөт

Кыргызстанда электр энергиясы ашыкча иштетилген жайларда кечкисин саат 18:00дөн 23:00гө чейин светтин маал-маалы менен өчүрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда “2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо маселеси чечилмейинче мындай терс көрүнүш боло берет. "Албетте, светтин өчүрүлүшүнө жол бербөөгө бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Орусия, Тажикстан, Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тилекке каршы, баалар кымбат болууда",- деди министр.
Мындан тышкары ал электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынбагандыгын баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Dadin1
2014-10-27 18:44:38
Кундуз очурсо болбойбу светти,кечке жуук элдин баары жумуштан келишетко уйлоруно,жарык керек,жуунуп-тарануу керек дегендей.Кундуз энергияны почти эч ким деле сарптабайтго.Энергияны баардыгы кечке жуук колдонушатда Кубанычбек мырза.Сиз уйунузго барсаныз кечке жуук уйунуздо свет жок болсо кандай болот ыЯ,биринчи озунузду коюп корунузда элдин ордуна анан айтасыз кандай экенин.Бул темп менен иш алып барсаныз копко олтурбайсызго министрдик креслодо.
+8
Multicam
2014-10-27 19:09:03
Бакиевдин жолун жолдоп, 12ден кийин очуро баштагыла . Кыргыздын саны кобоет.:))
+5
tolkun85
2014-10-27 19:16:52
ушул чондордун уйундо свет очот болду бекен? неге баарына тегиз карашбайт бир айылга берилген светтен коп иштетишсе керек ушул чондордун уйлоруно иштетилген элекир энергиясы
+3
kursantbek
2014-10-27 19:35:06
кыргызстанда свет очпогон убак келет бекен 23 ден кийин очурбой наоборот элдер колдоно турган убакта очурушотко)))
+1
mr.juma
2014-10-27 19:42:59
кундузу 9дан 5ке чейин очурсо болмок элдин баарына кечинде керек жаш балдар бар сабак окушат кун суукта светта жок карангыда улбуробой
+2
Turadi
2014-10-27 20:14:13
Светти кундуз очургуло дейсинер, кундузу да электр энергиясы абадай эле керек. Мектеп, бала бакча ж.б. мекемелерге электр энергиясы кундузу колдонулат да. Министр мырза айткан убакта туура болбой калат, карапайым элдин баары ушул убакта колдонот. Элди электр энергиясы менен камсыз кыла албаса бербейби орундарын иш билгилерге.
+2
baiysh0704
2014-10-27 20:39:39
ХХХ ХХХ министр экенсин,элди кыйнагандан башканы билбейсинер.Качан Кыргызстан онолот экен ия..?
+2
admin_portal
2014-10-28 09:39:48
baiysh0704 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
0
Odik11
2014-10-27 22:02:01
Эх АША ХХХ ХХХ ал...
+3
admin_portal
2014-10-28 09:41:28
Odik11 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
Jakshy-dos
2014-10-27 22:14:57
Мээси жок министрлер, колубузда турган нерсени туура иштете алышпайт. Бир нерсе болсо эле суу жетпейт деп шылтоо. Элди азыраак алдагыла, озунорду ото эле акылдуу деп эсептебегиле. Балким сууну токту да Бакиев уурдап кетсе керек да. :))
+4
Sake80
2014-10-28 09:42:30
Кымбаттатыштын айласыда элдерди кондуруш керек болуп атпайбы
0
aigulai
2014-10-28 11:30:34
элин жарык менен камсыз кыла албаган Окмоттун чабалдыгы болууда. Нормальный премьер - министр керек ушундай учурда, доллар кетип бара жатат асмандап, эл ушуп отурат. Анан элибиздин торт жыл ичинде жашоосу онолуп калды деп озубузду озубуз сооротуп отурабыз.
0
Stervochka
2014-10-28 12:30:15
Импорттоо кымбат болсо деле алыш керек да, жарыксыз отургандан коро. Кыштын чилдесинде электр жарыгы болбосо эл кыйналат. Кымбат болсо деле толоп жарыкта отурушмак да. Электрди очурушкону аз келгенсип, анан кымбат да болсо анда эл чыдайбы? Кымбаттатышса анда такыр очурбоо керек. Кочолордогу жарыктарды тунку 2-3тон кийин очуруп салышса болбойбу, канча электр бекер кетип жатат тан аткыча.Элдин жашоосу онолду деген туура эмес,министрлердики онолсо онолгондур бирок эл кыйналып эле жатат.
0
isaasa
2014-10-28 14:07:48
Колдо бар алтындын баркы жок болуп жатабыз да.Кыргызстанда болгон,толгон нерселерди сатып жутушту окшойт.эмне кылаарын билишпей,импорттоо жолу менен алабыз деп какшап эле калышты.Балким ушундай шылтоолор менен элди алдап жатышат.Калп эле кымбат болуп жатат демиш болуп,арзан эле алышып,элге балким кымбат сататтыр.Бул шумшук министрда копко барбай калдыго.
0
mila6ka
2014-10-28 20:37:06
Чондордун уйундо эч убакта свет очпойт
+1
toichubek1984
2014-10-29 00:28:40
кандай жол менен болбосун светтин баасын которуштун жолун издеп жатышат алга ишинерге ийгилик 1 кв тын 10 сом кылгыла эл толойберет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан