2011-2012-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун бир нече бөлүгү пайдасыз коротулган. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда
“2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө КРнын Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.Анын айтымында, эгер ошол кезде суу коротулбаганда бүгүнкүдөй электр энергиясынын таңсыктыгынын болушу күтүлбөйт эле. "2011-2012-жылдары аталган суу сактагычта суунун көлөмү ашыкча болгон. Анда Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын экспорттогон. Мындан тышкары маал-маалы менен суу коротула берген",- деди министр.
"Ошентип, министрлик ошол кезде туура эмес саясат жүргүзгөндүгүн моюнга алат. Эми энергетиктер бүгүнкүдөй көйгөйдүн кайталанбоосуна бардык күчүн жумшап жатышат",- деп кошумчалады Турдубаев.