28-29-октябрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. “Аталган себептерге байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл” деп айтылат маалыматта.