Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 26,36 пайызга аз болууда

28-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 652 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,36 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 227 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 236 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 511 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 443 метр кубду түзгөн. 

Эске салсак, өткөн жылы 28-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 839 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza80
2014-10-28 14:34:36
Ушу чондор элдин убалынан корксонорчу,уят деген нерседен эчнерсе калбаптыр убагында сууну сатышат,анан уялбай Туркменстанга же Тажикстанга барышат тиленишип свет берип турчу деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан