Абактагы аялдардын 62 пайызы камалганга чейин кирешелүү жумуштарда иштешкени белгилүү болду

Кыргызстандагы колонияда отурган аялдардын 62 пайызы камакка алынганга чейин кирешелүү жумуштарда иштеп жаткандыгын айтышты. Бул тууралуу маалымат "Камалган аялдар кимдер?" деген изилдөөнүн жыйынтыктарында белгиленүүдө.
Ага ылайык, камалган аялдардын 30 пайызы өздөрүн кедей жана өтө кедей деп белгилешкен. 57 пайызы орто кирешелүү жумушта иштегендигин айтышкан. Аялдардын бештен бири ар кандай жумуштарда иштегенин билдиришкен.
Мындан тышкары, аталган изилдөөгө таянсак, Кыргызстандагы абактагы аялдардын 7 пайызы тигүүчү, 7 пайызы жеке ишкер, 5 пайызы сатуучу кызматтарда жумуш аткарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан