Борбор калаада улгайган жарандардын бир айлыгынын алкагында 7596 кары медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.
Бир айлыктын алкагында шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдарынан 7596 кары медициналык кароодон жана текшерүүдөн өткөн. 670 жаранга социалдык жардам катары акысыз рецепт жазылып, гуманитардык жардам боюнча 258 жаранга, ошондой эле 1312 карыга кошумча медициналык камсыздандыруу пакети боюнча дары-дармектер берилди.
Баса албаган карылар үчүн 1098 көчмө медициналык кароо өткөрүлгөн. Андан сырткары 535 карыя ультрадиагностикалык текшерүүдөн өтүп, 945 адам электрокардиограммадан, 425и флюорографиядан өтүп, 140 кары ооруканага жаткырылды.
Ошондой эле шаардын стоматологиялык бейтапканасында терапиялык дарылоодон 241 адам, хирургиялык бөлүмүнөн 153 кары, ал эми ортопеддер тарабынан 10 адамга жардам көрсөтүлдү.