Баткен облусундагы Кадамжай шаарында жөө жүрүүчүлөр үчүн атайын жолдор курулууда. Кадамжай шаарынын вице-мэри Чыңгыз Тагаев шаарда элдин саны да, автоунаалар да көбөйүп, жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдун жоктугунан көйгөй жаралганын айтып: "Азыркы күндө Кадамжай шаарында мындай иш-чаралардын алкагында жол кеңейтүүлөр баарыбыз үчүн пайдалуу деп ойлойм. Орозбеков көчөсү менен кесилишкен Звёздный көчөсүнүн жолун 2 метрге кеңейтип, жөө адамдар баса турган жол курулуп жатат. Бул жол менен чектеш жашаган элдерден уруксат алып, алар менен макулдашып, алган жерлеринин ордуна тосмо тосуп берип жатабыз",- деди.