Жалал-Абадда окуучулар өрт кырсыгын алдын алуу боюнча машыгууларга катышышты

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Ж.Болотов атындагы №21-мектепте өрттөн куткаруу боюнча машыгуу болуп өттү. Окуучуларга өрттүн алдын алуу, куткаруу иштери тууралуу маалыматтар берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүм башчысы Исхар Апиевдин айтымында, машыгуу жыл башынан бери план боюнча мектептерде өткөрүлүп келе жатат. "Биз машыгуу өткөрүп жаткан мектептерде кемчиликтер бир топ эле болуп жатат. Мектептерде өрт өчүрүүчү шаймандар болуш керек, андан тышкары терезелердин баары ачылбайт. Айрым жерлери темир тосмолор менен тосулган, өрт кырсыгы кокустан болгон учурда окуучуларды сактап калуу кыйынчылыкты жаратат. Ошондуктан биз окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектептерде сыртка чыгууга ыңгайлуу жерлердин болуусун айтып, өрттөн сактануунун жолдорун көрсөтүп, ушундай машыгууларды өткөрүп жатабыз",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан