Борбор калаада Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан дин башкармалыгынын жалпы эмгек жамаатына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, муфтий быйылкы жылкы ажылыкты уюштуруу боюнча кандай иш-чаралар болгондугун, ажылык учурунда аткарылган ишмердүүлүк боюнча жыйынтыктоочу отчёт даярдоону буюрду.
Ошондой эле жыйында дин өкүлдөрүн аттестациядан өткөрүү маселеси талкууланды. “Алгач КМДБнын кызматкерлери, казыят кызматкерлери, райондук деңгээлдеги башкы имамдар жана айыл өкмөттүк деңгээлдеги, жергиликтүү имамдар толугу менен аттестациядан өтүшмөкчү”,- дейт Максатбек ажы Токтомушев.
"Анын катарында дин башкармалыктарындагы бөлүмдөрдө кандай иш-чара болуп жаткандыгы жана кандай көйгөйлөр бар экендиги тууралуу кеп козголду" деп айтылат маалыматта.