Бишкекте Орусиядан келген адистер Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бир катар операцияларды жасашат

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 28-29-октябрда “Балдар хирургиясындагы лапароскопия” деген темада орус окумуштуу-хирургдары менен бир катар операциялар ишке ашырылууда.

Аталган борбордон билдиришкендей, операцияларды Москвадан келген балдар хирургу, профессор Игорь Поддубный жетектөөдө.

Иш-чараны уюштуруу демилгесин Кыргызстан балдар хирургдарынын ассоциациясы көтөргөн. Анын алкагында “Балдар хирургиясындагы шашылыш лапароскопиялык операциялар”, “Пландалган лапароскопиялык операциялар”, “Бөйрөк, өт, бөйрөк үстүндөгү бездерине лапароскопиялык операциялар” деген темада кыргыз адистерине лекциялар окулмакчы. Бул мастер-класстарга Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын, "Тез жардам" кызматынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынан балдар хирургдары катышууда.

Маалымат үчүн: Лапароскопия – салттуу хирургиядагыдай терини кесип эмес, түтүктөр аркылуу ички органдарга операция жасоо ыкмасы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан