Бишкекте балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча “Жакшы өзгөртүүлөргө бирге” акциясы өтөт

29-октябрда Бишкектеги №46-орто мектебинде балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча “Жакшы өзгөртүүлөргө бирге” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу “Бирдиктүү окутуу боюнча жаштар тармагы” коомдук уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ата-энелер жана балдардын катышуусунда өтмөкчү. Акциянын жүрүшүндө “Үй-бүлөдө балага карата зордук-зомбулук” форум-театр коюлат, мектептеги рэкет темасы боюнча “Капкан” тасмасы көрсөтүлөт жана мектептин жетекчилиги менен ушул маселелер боюнча талкуулар өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан