Гейлер жана лесбиянкалардын уюму Турсунбай Бакир уулунун айыптоосун четке какты

Кыргызстандагы ЛГБТИКС (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер, интерсексуалдар, квирлер, союзниктер) “Лабрис” уюму депутат Турсунбай Бакир уулунун ысымы менен ачылган bakiruulu.com сайтына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Муну аталган уюм бүгүн, 28-октябрда өз интернет баракчасы аркылуу жарыялады.

“Жаңы ачылган сайт Кыргызстандагы көптөгөн жана ар түрдүү ЛГБТИКС уюмдардын расмий баракчасы болушу мүмкүн эмес. Мындан улам бул тууралуу арыздар тиешелүү түзүмдөргө жөнөтүлөт”,- дешти “Лабрис” уюмунан.

Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдөгү гейлер уюму Турсунбай Бакир уулунун ысымы менен сайт ачып, анын башкы бетине гейлердин сүрөттөрүн илишкени белгилүү болгон. Депутат бул тууралуу SUPER.KG порталына "булар мага согуш жарыялашты, мен коркпойм, согушту кабыл алам" деп түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nur-patriot
2014-10-28 16:05:50
Лабристин офиси кайда экен. Барып ХХХ ХХХ ХХХ...
+6
admin_portal
2014-10-28 16:33:30
nur-patriot - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-6
Kyzyl-Unkur
2014-10-28 17:20:59
Аллахтын кечирилгис жазалары тийсин буларга!!!
+6
universal
2014-10-28 22:53:34
Акчага улутун саткандар. мин наалат силерге, кудай урсун
0
sarbo
2014-10-29 10:36:44
ушундайлардын ачылганына уюм болгонуна кантип жон эле карап отурушат,барып ошол уюмдарын талкалап салышпайбы,же алар дагын онбогондой акча берип биздин жеп-чычарлардын оозун жаап жатышабы,
0
Mir82
2014-10-29 12:02:50
Ушулар эле жетишпей атты эле кыргызстанга
0
bema_bema
2014-10-29 16:07:40
Ыыйй жиркеничтуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан