Балыкчы-Каракол трассасындагы кооптуу аймактарды жоюу тапшырмасы берилди

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги астында 28-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезексиз жыйыны өттү. Жыйында 23-октябрда Балыкчы-Каракол трассасындагы 7 адамдын өмүрүн алган автокырсык кеңири талкууланды. Жалпы республикадагы кырдаал дагы талкууланып, жыйынтыгында мындай чечим кабыл алынды:  

- ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматына жол коопсуздугундагы кырдаал боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүп, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы авариялык-кооптуу тилкелерди жоюу жана тийиштүү жол белгилерин орнотуу боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигине конкреттүү сунуштарды берүү тапшырмасы жүктөлдү.  

- Жол-кайгуул кызматына аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, алардын жол эрежелерин сактоосун катуу көзөмөлгө алуу милдети да жүктөлдү. 

- Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы кооптуу аймактарды жоюу, тийиштүү жол белгилерин орнотуу тапшырмасы Транспорт жана коммуникация министрлигине да берилди. 

- Саламаттыкты сактоо министрлигине жол кырсыгынан жабыркагандарды реабилитациялоо жана дарылоо чараларын көрүү тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан