Шашылыш билдирүү: Бишкек-Ош жана Бишкек-Талас унаа жолдорунда кар көчкү жүрүүсү күтүлөт

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу бүгүн, 29-октябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. Ушул себептүү ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл экени белгиленет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан