Чүйдө кант кызылчасын алуучу 8 пункт иш алып барууда

Чүй облусу боюнча "Кайыңды-Кант" заводунун кант кызылчасын алуу боюнча 8 пункту иштеп жатат. 1 тонна кант кызылчасы 3050-3350 сомго бааланууда. Өткөн жылы чийки затты сатып алуудагы баасы 2900 - 3000 сомду түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы 29-октябрда билдирди. 

Маалыматка караганда, учурда заманбап ыкмалардын жардамы менен 1 гектар аянттан 70-90 тоннага чейин түшүм алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Жыл сайын жаңы техникалар менен камсыздалган дыйкандардын басымдуу бөлүгү 2014-жылы кызылчаны себүүнүн жаңы ыкмасына өтүшкөн. Атайын себүүчү техника, жыйноодогу комбайндардын жардамы менен өткөн жылы жалпы 200 тонна кант кызылчасы жыйналган. 2013-жылы жогорудагы завод өлкөдөгү чийки заттан 25 миң тонна кумшекер чыгарган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан