Орусияда курулуш, айыл чарба жана транспорт тармактарында эмгектенген мигранттардын санына чек коюу демилгеленүүдө

Орусияда өкмөт 2015-жылдан тарта курулуш, айыл чарба жана транспорт тармактарында эмгектенген мигранттардын санына чек коюуну демилгелөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, мындай сунуштун максаты - Орусиянын жарандарын аталган тармактарда жумушка орноштуруу жана ички миграцияны өнүктүрүү. “2013-жылы өлкө боюнча мигранттардын саны 11 миллионго жеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Москвада эмгектенишет” деп жазышты басылмалар.

Айта кетсек, буга чейин мигранттар үчүн алкоголь ичимдиктерин, дары-дармектерин сатуу боюнча соода жана спорттун ар түрдүү тармактарында чек коюлган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aselina_kg
2014-10-29 10:57:03
Чек коймоктон балее кылса да,эбин таап иштеп эле келе жатабыз.Кудайым буюрса баары жакшы болот!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан