Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда Комсомол күнү белгиленүүдө. Бул майрамдын 96 жылдыгына карата Кыргызстандын Ленин комсомол жаштарынын биримдиги Бишкектеги Жаш Гвардия бульварындагы баатыр комсомолдордун эстелигинин астында митинг өткөрүштү. Ага 50гө жакын адам катышып, алардын көбү жаштар жана студенттер болушту.
Анын жүрүшүндө аталган биримдиктин бюросунун мүчөсү Рысбек Тойбаев журналисттерге буларды айтып берди: “Биздин уюм жаштардын кызыкчылыктарын коргоп келет. Биздин максат - социалисттик коомду түзүү. Мындан тышкары дени сак жашоону жана туура үй-бүлөлүк баалуулуктарды үгүттөйбүз”.
Активист Кыргызстандын Ленин комсомол жаштарынын биримдигинин курамында 250дөн ашуун жаштар бар экенин кошумчалады.
Аталган биримдиктин башка мүчөсү иш-чарага келген кабарчыларга АКШнын Кыргызстанга карата туура эмес тышкы саясаты жөнүндө айтып берди. “Америка биздин мекенибиздин бардык иштерине, тармактарына киришип жатат. Ал президент Алмазбек Атамбаевге шайлоо процесстерине басым көрсөтүүгө аракет кылууда. Бийликте да АКШнын өкүлдөрү бар. Алардын негизги милдети - элдин кызыкчылыгы эмес, өз чөнтөктөрүн акча менен толтуруу”,- деп түшүндүрдү коомдук ишмер.
Айта кетсек, 1918-жылдын 29-октябрында эмгекчи жана дыйкан жаштардын жалпы орусиялык жыйналышында большевиктердин Коммунисттик партиясынын жетекчилигинин алдындагы Ленин комсомол жаштарынын биримдигин түзүү боюнча чечим чыгарылган.