Өткөн аптада казакстандыктардын уюлдук телефонуна Эбола вирусу бар банандар тууралуу каттар келгени талкууга алынууда. Каттын автору бананды сатып алуудан азырынча баш тартып, билдирүүнү башкаларга да таратууну жазганы айтылууда. Сатуучулар билдиргендей, бананга болгон суроо-талап мындан улам төмөндөп кеткен. Буга чейин да белгисиз адамдар "банан аркылуу ВИЧ жугуп жатат" деген маалыматты таратып жиберишкен.
Ал эми Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети: "Инфекция жабыркаган тери же суюктук (кан, шилекей, заара, кусунду, сперма) аркылуу жугушу мүмкүн. Ошондой эле вирус медициналык аспаптар же ооруган адамдар кармаган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба жана тамактан жукпайт. Мындан улам банан жана башка азыктардан ооруну жугузуп алуу мүмкүн эмес",- деп билдирген.
Эбола вирусу жыл башында Батыш Африкада табылган. Азыркы тапта вирусту жугузгандардын саны 10 миңге жетсе, каза болгондор 5 миңге жеткени айтылууда.