Бишкекте Ички иштер академиясынын курсанттарынын ант берүү аземи өтөт

ИИМдин академиясынын 1-курсунун курсанттары 31-октябрда мекен алдында ант беришет. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Иш-чарага окуу жайдын жаш кызматкерлери жана окууга тапшыруу сынагынан ийгиликтүү өткөн 1-курстун курсанттары ант беришет” деп айтылат маалыматта.

Ант берүү аземине ички иштер министри М.Турганбаев, академиянын жетекчилиги, билим берүү жана илим министри К.Садыков, Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов, ИИМдин генералдары, ардагерлери, курсанттардын ата-энелери катышуусу күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан