Жарнама департаменти: Бишкекте жүргүзүлгөн рейддин алкагында көчөлөрдөгү тышкы жарнамалар боюнча 2380 эскертүү берилди

Жарнамалар боюнча департамент тарабынан Бишкек шаарындагы тышкы жарнамалардагы мыйзам бузуулар жөнүндө тиешелүү жактарга 2380 эскертүү берилип, анын ичинен 1319 эскертүү аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, П.Лумумба көчөсү, “Кудайберген” базары, Ахунбаев, Сүйөркулов, Юнусалиев, Д.Сяопин, Б.Бейшеналиева, Москва, Токтогул, Бөкөнбаев, Жибек Жолу, С.Ибраимов көчөлөрү жана Чүй проспекти боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардагы райондук администрациялардын жана “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү бирдикте рейд жүргүзүштү.

“Бүгүнкү күндө тышкы жарнамага уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн 3899 арыз кабыл алынган. Берилген уруксаттардан 5 миллион сомго жакын каражат чогулду” деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан