Мигранттар кыймылынын тең төрагасы: “Бажы биримдигине кирсек, Орусиядан акча которуулар эки эсе көбөйөт”

“Бажы биримдигине кирсек, Орусиядан Кыргызстанга болгон акча которуулар эки эсе көбөйүп, 4-5 миллиард долларга чейин жетери күтүлөт” деди Орусиядагы эмгек мигранттарынын кыймылынын тең төрагасы Эмил Жайчиев.

Анын айтымында, Орусияда миллионго жакын кыргызстандык эмгектенет. “Алардын 450 миңи Орусия Федерациясынын жарандыгын алышкан. Ал эми жарым миллионго жакын биздин мекендештерибиз КРнын жарандыгы менен жашап жатышат. Кыргызстандык мигранттардын жарымынан көбү аз кирешелүү жумуштарда иштешет. Айрымдары болгону 12 миң рубль (болжол менен 15 миң сом) табышат. Ошол эле учурда Орусияда, өзгөчө Москвада жашоо абдан кымбат”,- деди ал.

Мындан тышкары ал Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде мигранттар тарабынан акча которуулар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: “Бул уюмга киргенибизде мигранттар тең укуктуу жарандар катары болуп калышат. Аларга социалдык жардам көрсөтүлө баштайт. Мисалы, бала бакчага, мектепке, ооруканаларга баруудагы тоскоолдук алынат. Бажы биримдигинде жумушка уруксат берүүчү документтердин кереги жок болот. Мигрант жакшы акы төлөнүүчү жумуштарга орношууга мүмкүнчүлүк алат. Керек болсо ал жумуш берүүчү менен келишимди жокко чыгарууга укугу да болот. Ошентип, акча которуулар бүгүн жылына 2 миллиард долларга барабар болсо, Бажы биримдигинде бул көрсөткүч 4-5 миллиардга чейин жетет”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Ibragim864
2014-10-29 13:31:26
Чынында кандай болоорун Жараткан билет,сенин айтканын жон эле арифметика.Антип жок сандар менен адамдардын башын айландырбай,биздин аткаминерлерди кантип Кыргызстандын экономикасын которуп,элдердин турмушун жакшыртканга чакырсан дурус болот эле.
0
Manasasman
2014-10-29 14:28:59
Эмнесине мактанып жатат. Мигранттар жыргаганынан темселеп жургонсуп. Азабын тартканы канча,мурт кеткендери майып болгондору, тагдырлары тепселенгендеричи. Ботон жерде ботон экенсин башынан эч ким сылабайт. Оз жеринде эмгектенип уй булон менен бирге ээн эркин жургонго эмне жерсин.
0
barpy1
2014-10-29 15:26:57
Бул адам эмне жомок айтып жатат, коруп жатабыз, бир жагынан ооба дегени менен экинчи жагынан бут тосуп жатышат, коп жерге РФ паспорт сурайт, ТСга кирген Казахстан же Белорруссия паспорту менен жумушка албайт, эртен Кыргызстан менен Армения ТСга кирсе орустарын жумушка только РФ паспорт деп туруп алат, анан кайдагы жумуш, кайдагы женилдик!!! Анын устуно Россияда кризис башталып жумуш орундары кыскарып, доллар осуп, кымбатчылык,маяналар оскону жок, демек кайра Россиядан акча которууулар азайат!
+1
kakebrat
2014-10-29 15:40:34
Акча кооп келет дебей мигрантарды кантип кыргызстанга алып келебиз деп ойлонуп ,ошол орустарды биз жакка мигрант болуп келе турган болуп онуктуро турган биро жарым барбы бийликте акыры эгемендуу олкобузго бажы союзу жокто да жашадык элего
+3
kaytmas
2014-10-29 16:12:21
Дабдырап койуптурго,бажы биримдигиндеги келишимде мигранттар тууралу эч соз жок женилдиктерда жок,деп Темир Сариев айтканго а мынабы дабдырап бардык укуктарды берип салдыго уялбай.
+1
kutkeldisulu
2014-10-29 17:02:38
биз не дейбиз эми кудайым озу колдосун ошол убактарда кандай болоорун бир кана убакыт коргозот.
0
myrza80
2014-10-29 19:13:27
Бул киши эмнеге 4-5 эле милиард деп койгон анданда коп керек болсо ТС киргенден кийин кыргыздар россияда депутат министр же президент болупта иштейсинер десе болмок:-) .
+1
mr.juma
2014-10-29 20:18:54
кайдагы акчаны айтат бул жана эле кыргыстанга кайтаруу системасыны ойлоп таппады беле биз иштеп кетип калалбайбызда кайтаруу системанар ишке ашаса кетип калсак кайсы акча кобойот
0
bek007
2014-10-29 21:25:39
"Тең төрага" деген кандай ал?
0
Aidar12.05.88
2014-10-29 21:44:08
Бул киши акылынан адашкан, дагы бир билдируусундо, мигранттарды кайтарыш керек десе, Бул жолу мигранттардан коп акча келет дептир, зеериккенде чыгып общение кылбай, чечсенерчи бир Айла тааб, айтаарга соз калбады силерге артисттер
0
Sake80
2014-10-29 22:47:19
Ушуга окшогондордун кимге кереги бар торага болумуштун анда жардам бербейби мигрантарга
0
Desmond
2014-10-29 23:03:16
Сарт санаасы менен байыйт дечууу белее???
0
Dadin1
2014-10-30 15:58:32
Desmond, в точку айттында
0
Manasemetei
2014-10-30 04:20:32
biwkekten kvartira alyp alsam anan kyrgyzstanda ele iwteit elem
0
tengara
2014-10-30 04:24:02
Манасеметей туура айтсын,мен дагыыыы
0
islamidin
2014-10-30 05:59:38
Армения качан кошулду эле? Алар дагы деле розришение робота менен иштейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан