Кыргызстандагы эң ири мечиттин курулуш иштери 2016-жылы аяктайт

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КРдагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында борбордогу Жибек Жолу - Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан мечит 2016-жылы аяктаары белгилүү болду. 

Муфтияттын басма сөз кызматы бүгүн, 29-октябрда маалымдагандай, Орхан Генч өз сөзүндө "бул курулуш кыргыз элине түрк элинин чоң белеги болот" деп айтты. 

Ал эми Максатбек ажы Токтомушев курулуп жаткан борбордук мечиттин башкы планынын негизинде эки тарап кеңешип жасала турган иштер бар экенин, эки бир тууган элдин мындай жакшы мамилелери мындан ары да улана берерин белгиледи.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ganibal87
2014-10-29 14:24:10
Жакшы Муфтиятыбызга ийгилик кара коодон озун сакта Аллах!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан