29-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 621 миллион метр кубду түздү

29-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 621 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,53 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 223 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 208 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 582 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 445 метр кубду түзгөн. 

Эске салсак, өткөн жылы 28-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 818 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан