Мигранттарды Орусиядан Кыргызстанга кайтаруу боюнча программа түзүү керектиги айтылды

Бүгүн, 29-октябрда Орусиядагы эмгек мигранттарынын кыймылынын тең төрагасы Эмил Жайчиев маалымат жыйынын жүрүшүндө мигранттарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча программа түзүү керек экендигин билдирди.
Анын айтымында, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз убагында иш сапары менен Орусияга барып мигранттар менен жолукканда, ага ушул программа тууралуу суроолор берилген. "Анда ал мындай программа жок экенин айткан. Ал эми бүгүнкү күнү инвесторлор жана жеке ишкерлер Кыргызстанда ишканаларды куруп, бош орундарды ачууга даяр. Бул ишканаларда биздин мигранттар иштесе туура. Бул сунушту биздин өкмөт караштырып, тиешелүү программаны иштеп чыгууга тийиш",- дейт Жайчиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
knk
2014-10-29 15:02:18
Биринчи бул жактагыларды иш менен камсыз кылып алалычы туугандар. Бул жакта иш Россиядан да жакшы болуп кетсе чет жердеги туугандар силердин программанарга карабай эле келет.
+10
Desmond
2014-10-29 22:56:20
knk, туура айтат, Кыргызстанда жумуш болсо айлык акы Россиядагыдай болсо мигранттар оздору эле барышат.
Кыргызстандагыларды жумуш менен камсыздап тургула, пака биз бул жакта иштеп турабыз Кыргызстандан жумуш чыгып чакырышканча
+4
Askarchik91
2014-10-29 15:32:11
Бирок бул жака келгендердин көпчүлүгү көнүп калбадыкпы?!Ким билет,чын жле кайтып барып калаттырбыз,дегеним түбөлүккө...
+1
beibika92
2014-10-29 16:01:37
Миграннтарды ойлогончо озубуздун жерде жургон элдерди иш менен камсыз кылгылачы биринчи өзубуздун жерде элдер мусур канага барып мусур терип кун корушот озубудун жерде жургондон кийин жакшы иш каналарга жайгашып иштесе болмок мунун баарына бийликтегилер себепчи тымпыйышып элден тушкон акчаны жешип отурушат. Ошол арам акчаны бийликтегилер олсонор горунорго алып кете албайсынар андан коро жашоо шарты начар адамдарга жардам берип сообун алгыла.
0
beibika92
2014-10-29 16:06:04
Мигранттарды жайына койуп болотурган ишти кылсанар жакшы болмок кайдагы болбогон ишке башынарды оорутпай пайдалуу иш кылгылачы айланайын бийликтегилер миграннтар кайтып барганда не сөөмойубузду соруп олтурабызбы силер мындай элдин акчасын тымпыйтып чонтоко салсанар соргонго сөөмөйубузда калбайт
0
abakan_19
2014-10-29 16:08:24
менин билишимче кыргызстанда 64 мин адам кара тизмеде ошолорду иш менен камсыздаса жакшы болмок!!!
+3
Biinura
2014-10-29 16:18:15
Кыргызстанда жумуш жоктугунан уурулук, тоноочулукка барып жатышат адамдар. Ошолорду жумуш менен камсыз кылгыла, анан жумуш орундары ашса биз баралы. Оз элибизде жургонго эмне жетсин?
+3
myrza80
2014-10-29 18:39:32
Биринчи ошол инвесторлорду алып келип ишканаларды ачпайсынарбы ишчилер жетишпей калса ошондо айтпайсынарбы,келжиреп эле оозунарга келгенин айта бербей келген инвесторду жеп жутарлар шапкасын сурап качырат,Кыргызстанда орусиядагыдай жумуш болсо кана,биз эмне бул жакта эшек такалап журобузбу жыргап бала чака тиякта биз биякта.
+1
myrza80
2014-10-29 18:48:08
Эмил мырзанын созу боюнча инвесторлор ишкерлер ушу мигранттарды эле кутушуп жатат эки козу торт болуп,мигранттар келишсе эле завод фабрикалар дагы башка ондуруш тармактарын курушат.Ушул маалга чейин курулбаган нерселер АШАнын тушунда курулат экен бул деген жомок же биз манкурт болуп булардын созуно тушунбой жатабызбы?.
+3
mr.juma
2014-10-29 20:06:01
мигрантарды коюп кара тизмедегилерди ишке жайласанар чоон иш кылган болот эленер жок нерсеге бошынарды оорутпай ушу мигранттардын айлыгы силердин чонтогунорго тушпогонуго кыжаалатсынарбы жабыштынарда калдынар силерсиз да жумуш болсо кетет элек
0
D.U.P
2014-10-29 20:20:50
Кыргызстандагы кытай тажик озбектер жумушу жок калбасын депутаттар кимге крышовать этет анда
0
barpy1
2014-10-29 23:19:43
Жаш баланын оюн айтып озун акылдуу эсептегендер кобойду. Олкодо жумушсуздук, айлык-маянанын аздыгынан чет жактарга жумуш издеп эмгекке жарамдуу калктын жарымы чыгып кеткенин баары билет, эгерде Кыргызстанда СССР убагындай завод-фабрика, фермалар иштеп эл жумуш менен камсыз болуп татыктуу маяна алчу болсо силерди суратпай эле келет мигранттар. Ботон эл, жат жерде жыргаганынан журуптурбу, мекенин, жаш балдары, кары ата-эне, бир туугандарын сагынып мекени коздорунон отуп айласыздан журушот го..
0
dani2014
2014-10-29 23:31:08
Эн туура маселе, баарыбыздын оюбуз ушундай, айрыкча кыз келиндерди, жалгыз жургондорду
0
Arsenjan
2014-10-30 00:07:59
ех чиркин менде паспорт алсам эле кетет элем чет жакка барып мусор ташып, пол жуусам да бул жакка караганда жакшы эле тапмакмын. Анткени миллиондон ашык адам россияда мигрант жаман болсо бир да адам кетпейт эле го, кыргызстандан кундо иштегим 250, 300сом аным да кундо эмес. Мен кетсем келбейт элем кайрылып, пока там алганга акча тапмайын... ))
-1
barpy1
2014-10-30 15:21:13
Arsenjan, Миллиондой мигрант Россия жакшы болгону учун эмес, айласыздыктан кетип жатат, Кыргызстанда жумуш жок, табылса маянасы аз, уй-було бакканга жетпейт, Россияда кор болуп кара жумушту кылып, корбогон кордукту коруп журушот, илгеркилер айткандай орустардын "оту менен кирип, кулу менен чыгып"! Россиядагылардын 10-15%ти ошол жакка конуп жашоосуна ыраазы болсо 85-90%ти Россияны желкемин чункуру корсун, Кыргызстанда жакшы иш болсо азыр кетем дегендерден. Айласыздык, жокчулуктан тентип журушот
+1
Arsenjan
2014-11-01 09:27:02
чем бул жакта тапканын ары жетпей же бери жетпей жургондон коро, кул болсок да ошол жакшы эмеспи, азыр акчан болсо, баары чечилет кулдай иштеп хандай жашайын деген эле ниет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан