7-8-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата облус аймагында курулуп бүткөн бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземдери өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган объектилер Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каржыланып курулган. Бул жылы жалпы 12 социалдык мекеменин курулуш иштери бүткөрүлүп, ишке киргизүүгө даяр. Анын ичинде 7 мектеп, 4 спорттук зал жана 1 бала бакчанын имараты бар.
Ошондой эле салтанаттуу иш-чаранын программасында Каракол шаарынын борбордук аянтында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген техникалардын көргөзмөсү уюштурулуп, республиканын, облустун коомчулугунун катышуусунда К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында салтанаттуу жыйын өтүп, иш-чара маданий-концерттик программалар менен коштолот.