Эртең, 30-октябрда Талас облустук администрациясынын астында "Кырк-Чоро" кыймылы экономикалык көйгөйлөр боюнча нааразычылык акциясын уюштурушат. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына аталган уюмдун жетекчиси Замир Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, митингге 500гө чукул активисттин катышуусу пландалууда. Анын айтымында, аталган иш-чарада экономикалык кырдаалга байланыштуу төмөнкү 5 талап коюлмакчы:
1. Төө буурчактын баасы ортомчусуз, туруктуу бир баага келсин. Мындан тышкары кургакчылыкты жана облустагы башка көйгөйлөрдүн алдын ала албаган өкмөттүн облустук ыйгарым укуктуу өкүлү эл алдында жооп берсин.
2. Талас облусуна караштуу тоо-кен байлыктарын чалгындоо, казып-иштетүү иштерине 3 жылга мораторий жарыялансын.
3. Казакстанга чектеш аймактардагы такталбаган жана талаш-тартышты жаратып келген чек ара маселелери жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада чечилсин.
4. "Шыраалжын" кенин чалгындоого каршы чыккан нааразычылык акциясынын катышуучуларына куугунтук иш-аракеттери токтотулуп, аларга карата мыйзамсыз козголгон иштер кыскартылсын.
5. Электр энергиясынын баасы өзгөртүлбөй, чектөөлөр токтотулсун жана энергетикалык таңсыктыкка алып барган тиешелүү жарандар жоопко тартылсын.