Кыргызстандын Cоциалдык фонду 2014-жылы 1-октябрдан тарта өлкө аймагында көбөйгөн жөлөк пулду таратуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы октябрь айындагы көбөйтүүнү эсепке алуу менен берилген каражаттын жалпы суммасы 2 миллиард 727 миллион сомду түзүүдө.