Адал индустриясын өнүктүрүү борбору өлкөбүздүн аймактарында да өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына “Халал” борборунун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Талант Ерназаров билдирди.
“Учурда борбордун бөлүмдөрү Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл, Нарын облустарында иш алып барууда. Анын алкагында облустарда өндүрүлгөн эт, сүт, ун продукцияларына сертификаттар берилип, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт. Бул иш-аракеттер элдин саламаттыгын бекемдөө максатында жасалууда”,- дейт Т.Ерназаров.
Маалым болгондой, буга чейин аталган борбор Кыргызстан мусулмандар башкармалыгына тийиштүү болсо, учурда ал өз алдынча борбор катары иш алып барууда.