Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга ниеттенген 8 талапкер компаниянын саны үчкө кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, тендердин экинчи этабына төмөнкү компаниялар өттү:1. "Dessa International" S.R.L. компаниясы
2. "Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd"
3. "Ozone Iletişim
Teknolojileri"
4. "Стилсофт
Бишкек"
5. "Anteo Worldwide"
Бул компаниялар 2014-жылдын 29-ноябрына чейин өздөрүнүн тендердик билдирүүлөрүн даярдап тапшырышы керек.
Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.