Ош облусунда мындан ары мамлекеттик ишканалардын мааракелерин өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Исаев билдирди.
“Акыркы учурда орто мектептер жана мамлекеттик мекемелерде мааракелик шаан-шөкөттөрдү өткөрүү көбөйүп кетти. Ал майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн мамлекеттик ишкана өз кызматкерлеринин маяналарынан кармаган учурлар көп байкалууда. Бул нерсе ысырапчылыктан башка эч кандай пайда алып келген жери жок”,- дейт А.Исаев.
Анын айтымында, мындан ары ар кандай шаан-шөкөттөрдү өткөрбөө мамлекеттик ишканаларда ашыкча чыгашага бөгөт коёт.
Эске салсак, буга чейин Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдыгы, Ош МСУнун 20 жылдыгы, Ош техникалык университеттин 50 жылдыгы жана Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун 75 жылдык мааракелери белгиленген.