Бишкектин Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкерлери үчүн 9 кабаттуу үйлөр курула баштады

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн үч 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери катышышты.
Аталган турак жайдын биринчи үйү 2015-жылдын жай мезгилинде курулуп бүтүп колдонууга берилери пландалууда. Турак жайда жалпысынан 180 батир, алардын 72си эки бөлмөлүү жана 108и бир бөлмөлүү болмокчу.
А.Маматалиев өз сөзүндө укук коргоочуларга КРнын Өкмөтү тарабынан жакшы көңүл бөлүнүп жаткандыгын билдирди. "Милиция кызматкерлеринин кызматы абдан татаал. Өлкөдө орун алган курч окуяларда алар тартипти сактоого бардык күчтөрүн жумшап эмгектенип келишет. Ошондуктан аларды турак жай менен камсыздап беришибиз керек",- деди вице-премьер.
М.Турганбаевдин айтымында, мамлекет милиционерлердин жашоо шарттарын жакшыртууга ниеттенүүдө. "Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул максатты ишке ашырууга 55 миллион сом бөлүп берди. Борбор калаада дагы 60 батирлүү үйдү куруу пландалууда. Мындан тышкары Ошто, Баткенде көп батирлүү үйлөрдү куруп берүүнү ниеттенип жатабыз",- деди министр.
Андан соң ал Көк-Жар кичи районундагы батирлерди бөлүштүрүү менен иштеген комиссия боюнча да баса белгиледи: "Бул батирлерди бөлүштүрүүдө коррупция болбошу катуу көзөмөлгө алынат. Жалпы республика боюнча милиционерлердин 70 пайызы батирге муктаж болууда".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Timur02
2014-10-30 12:52:33
митинг болсо жакшы туруп бергиле мен силерге уй белек кылам дегени АШАнын
-3
nur-patriot
2014-10-30 12:56:37
жакшы жакшы, Мелис байке мэлисионерлерди батир менен камсыздап, ишине катуу киришкен го )) Азамат
+2
kursantbek
2014-10-30 14:30:29
жакшы жакшы Жанылык екен эми айтканындай болуп бутуп коррупциясы Жоок тапшырып алышсын))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан