Ош. Өзгөндө Шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өтүүдө

Ош облусунун Өзгөн шаарында Шаар күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акиминин орун басары Ибадат Мурзаибраимова билдирди.

“Борбордук аянтта кечээ атайын сахна жасалып, боз үйлөр тигилген. Учурда майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Иш-чарага келген коноктордун саны арбын. Шаар тургундары үчүн чоң программадагы концерт тартууланып, спорттук таймаштар өткөрүлмөкчү”,- дейт И.Мурзаибраимова.

Ошондой эле Өзгөндө бул майрамга карата азык-түлүктөрдүн күзгү жарманкеси да уюштурулган.

Иш-чарага өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар түзүмдөрүнүн бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан