Ош шаарындагы электр жарыгынын өчүшү лимиттен ашып кетип жаткандыгынан улам болууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына “Ош электр” акционердик коомунун жетекчиси Дыйканбай Даминов билдирди.
“Буга чейин өкмөт тарабынан электр энергиясына лимит коюлган, ал нормасынан ашып кеткен үчүн электр жарыгы кечээ жана бүгүн 2 сааттан өчүрүлмөкчү. Электр жарыгын үнөмдөө үчүн аны түнкү саат 12ден таңкы 6га чейин өчүрүү чечими кабыл алынган. Тилекке каршы, колдонулган электр энергиясынын көлөмү лимиттен бир кыйла ашып кетүүдө”,- дейт Д.Даминов.
Анын айтымына караганда, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурганы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгынан улам болууда.
“Эгер колдонуучулар электр жарыгын үнөмдөөгө өтүшсө, мындай өчүрүүлөр буга чейин коюлган график боюнча гана жүргүзүлмөкчү”,- деп кошумчалайт Д.Даминов.