Ош шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыктары каралды

Ош шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыктары жана төртүнчү кварталга милдеттери, 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоонун жүрүшү жөнүндөгү коллегиялык жыйыны болуп өттү. Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаадагы электр энергиясына киргизилген чектөөлөргө токтолуп: “Кыргызстанда жай мезгилиндеги кургакчылыктан улам Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Ошондуктан Кыргызстан боюнча электр энергиясына чектөө киргизилип жатат. Бирок Ош шаарында жаратылыш газы жок болгондуктан, шаардагы 640 көп кабаттуу үйдө электр энергиясы өчүрүлбөйт. Аны мен өзүм көзөмөлгө алып, кышы менен "Ош электр тармактары" ишканасынын кызматкерлери менен чогуу жүрүп, авариялык өчүрүүлөр боло турган болсо, тез аранын ичинде оңдоого аракет кылабыз”,- деди. Ал эми калган жер үйлөрдө болсо саат 24:00дөн эртең мененки саат 6:00гө чейин чектөө киргизилет. Бул тууралуу 30-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан