Ош технологиялык университетинде илим чөйрөсүнө жана долбоор жазууга кызыккандар үчүн семинар-тренинг өтүүдө. Аталган семинар 2014-жылдын 31-октябрына чейин уланып, ага Ош шаарындагы жогорку жана атайын окуу жайлардын окумуштуулары, окутуучулары, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.Иш-чараны Глобалдык фонддун каржылоосу менен Ош технологиялык университети уюштурган. Катышуучуларга атайын адистер тренинг өтүшүп, негизинен грант жарыяланган эл аралык сынактарга, фонддорго жана программаларга долбоор даярдоонун жол-жобосу, усулдары, эл аралык илимий журналдарга жана рецензияланчу мезгилдик басылмаларга макала даярдоонун усулдары тууралуу окутуп-үйрөтүшмөкчү.
Үч күнгө созулган семинар акысыз уюштурулуп, жыйынтыгында жигердүүлүк менен активдүү катышып, тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшкөн катышуучуларга сертификаттар берилмекчи.