Ош. Жаңыдан курулуп жаткан 120 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери 80 пайызга аяктап калды

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймактык кеңешинде жаңыдан салына  баштаган 120 орундуу балдар бакчасында болуп, курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты. Маалым болгондой, аталган эки кабаттан турган балдар бакчасынын курулуш иштери 16,650 миң сомго бааланып, пайдубалы 12-июлда курула баштаган. Учурда иштин дээрлик 80 пайызы аткарылып бүттү. Мэр А.Кадырбаев башкы инженерге аталган имараттын курулуш иштери өз мөөнөтүндө сапаттуу аткарылып жаткандыгын айтып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүүнү табыштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pirim77
2014-10-31 13:36:48
мындай иш мактоого арзыйт. 5 айда беш бала курушту. балдардын келечегине кам коруу мамлекетке кам коруу. Ош буйурса гулдогон шаарга айланат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан