Москвада 23-октябрдан бери жүрүп жаткан “Мигрант-2014” аталыштагы рейддин алкагында кыргызстандык жарандар да бар. Бирок азырынча саны жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Эске салсак, рейддин алкагында 27 миң чет өлкөлүк жаран полиция бөлүмдөрүнө алынып келинип, өздүгү текшерилди. 7 миң мигрант административдик жоопкерчиликке тартылып, 126 адамды Орусиянын аймагынан мажбурлоо жолу менен чыгаруу чечими кабыл алынган.