Кадамжай РИИБи 2014-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча райондун 13 айыл өкмөттөрүндө жана Айдаркен, Кадамжай шаарларында өткөн элдик жыйындарда отчёт беришти. Анда тургундарга мал уурулуктарынын жана башка кылмыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйындарга Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгы жана райондук администрациянын жетекчилери катышышты. Бул маалымат тууралуу милициянын ага лейтенанты
Замирбек Камалов билдирди.
Мындан сырткары 29-октябрда Кадамжай РИИБи тарабынан атайын рейд жүргүзүлүп, коомдук жайда мас абалында жүргөн жана жол эрежесин бузган 14 адамга тиешелүү чаралар көрүлдү.