Депутаттын көмөгү астында Эне жана баланы коргоо борбору жасалма бөйрөк аппараты менен камсыз болду

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун гемодиализ бөлүмүнө жасалма бөйрөк аппараты тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди. Аталган аппарат Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин көмөгү менен сатылып алынган. Маалым болгондой, аппарат жогорку сапаты менен айырмаланып, узак жылдарга үзгүлтүксүз иштеп, ремонтко муктаж болбойт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ аппаратына көз каранды болгон 1100 адам катталган. Алардын саны жылына 100-150гө көбөйүүдө. Эне жана баланы коргоо борборунда бүгүнкү күндө 470 бейтап гемодиализ процедурасын алат. Жылына бейтаптардын ар бирине чыгымдалуучу материалдарды каржылоо 1 миллион сомду түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulia90
2014-10-31 07:49:00
Кымбатуу супер инфо , мен жакында эле Ош шаарында болуп кайттым. Ошто журуп , адамдардын бойрогун уурдап жатышыптыр, айрыкча жаш балдардыкын деп аябай соз болуп атты. Ушул тууралуу маалымат билип бере аласыздарбы. Алдын ала рахмат.
0
admin_portal
2014-10-31 10:01:14
gulia90, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан