Ош шаарында кыйноолордун алдын алуу боюнча семинар болуп өттү

Ош шаарында “Кыйноолордун жана башка таш боор, адамгерчиликсиз, кадыр-баркты кемсинткен мамилелердин түрлөрүн алдын алуу” деген аталыштагы жарандык коомго арналган семинар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, семинардын катышуучулары кыйноолордун алдын алуунун негизги көйгөйлөрүн талкуулашты. Эл аралык эксперт, адам укуктары боюнча Хельсинки уюмунун өкүлү Ленур Каримов “Борбордук Азиядагы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосундагы аймактык кызматташтык-чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген темада баяндама жасады.

Иш-чарага акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева, ЕБ өкүлчүлүгүнүн КРдагы элчиси Чезаре де Монтис, Кыйноолорду жана башка таш боор, адамгерчиликсиз, кадыр-баркты кемсинткен мамилелердин түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борборунун директорунун орун басары Бакыт Сыдыгалиев жана бир катар эл аралык өкүлдөр катышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamchatka
2014-10-30 18:47:26
Ушул бей окмот уюмдарды максаты башка,кичине акча берип койсо биздин окмот каленгир кашенгирлерди баарын кыргызстанга тыгып алды,ошто эч кандай кыйноолор жок эле жашап жатышат эски дартты козгобой тынч эле коюшса жакшы болмок экен!
0
Odik11
2014-10-31 00:24:35
Сизого кирсенер кыйноонун турун айтып беришет ошерде отургандар, отчетко жазып, тапшырып коесунар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан