"Бишкексветтин" 4,2 миллион сом карызынын айынан борбор калаа жарыксыз калышы мүмкүн

Бүгүнкү күнү "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын "Түндүк электр" ишканасынын астындагы карызы 4,2 миллион сомго барабар. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-октябрдан тарта "Түндүк электр" ишканасы Свердлов жана Октябрь райондорунун айрым көчөлөрүнүн электр жарыгын өчүрө баштаган. "Ошентип, Свердлов районунун Фере, Фирсов, Васильев, Элебесов көчөлөрү, ЖЭБден Чыгыш-5 кичи районуна чейинки аймак жана "Жеңиш" аянты светсиз калган. Ал эми Октябрь районунун Түштүк магистраль, Байтик баатыр көчөсү, 8-кичи райондун жана Асанбайдын көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлгөн" деп билдиришти "Түндүк электрден".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tolkun85
2014-10-30 18:55:50
кандай карыз болуп калат тушунбойм 100 сом карыз болсон светинди кыркам деп коркутушуп толотушот анан дагы асмандан бааны алып карызы бар дешет
+3
myrza80
2014-10-31 20:51:28
Андан коро жазга чейин кыргызстан боюнча эле очуруп салбайсынарбы,геске сууну топтоп жазында кайра сатасынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан