Нарын аймагында бүгүн, 30-октябрда саат 14:56 чамасында эпицентринде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Сары-Иймек айылынан чыгышты карай 20 чакырым, Терек айылынан түндүк-батышты карай 25 чакырым, Чаек кыштагынан түштүк-чыгышты карай 80 чакырым, ал эми Нарын шаарынан түндүк-батышты карай 55 чакырымда жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Сары-Иймек айылында 3 баллга чейин жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.