Кечээ, 30-октябрда 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ош шаарында эмгектенип келе жаткан маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, салтанатка Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Анда вице-мэр маданият кызматкерлерин куттуктап, алардын шаар элине кылган кызматтары баа жеткис экендигин белгилеп өттү. “Экономикасы жок болуп туруп жашап келе жаткан мамлекеттер деле бар. Бирок маданияты жок мамлекет болуу кыйын. Ошондуктан мамлекеттин, анын ичинде Ош шаарынын да өсүп-өнүгүүсүнө маданият кызматкерлеринин салымы чоң”,- деди Эргешов.
Ошондой эле мыкты маданият кызматкерлерине Ош шаарынын Ардак грамотасы, баалуу белектер тапшырылды.