ӨКМнын Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы бүгүн, 31-октябрда саат 10:00дө Ош технологиялык университетинде өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыгууга Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынан 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Ош гарнизонунун бардык өздүк курамдары, ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары, Ош шаардык медициналык "Тез жардам" кызматы, Ош шаардык ички иштер кызматы, электр тармактар кызматы тартылат. Машыгуунун максаты өрттөрдүн алдын алууда суу менен камсыздыгын, унаа жүрүүчү жолдордун абалын көрүү, ар кандай учурлардагы өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү, өрт өчүрүүдөгү өздүк курамдардын практикалык билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Машыгуу практикалык негизде өтүп, Ош шаарындагы ар кайсы тармактардын өрт өчүрүүгө болгон даярдыктары жана мамилеси да жеринде текшерилип, жыйынтыгында ошого жараша баа берилет. Өз милдеттерин так аткара албаган кызматтардын жетекчилерине машыгуунун жыйынтыгы менен чара көрүү сунуштары берилет.