Кыргызстанда 7-ноябрь дем алыш күн деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 7-ноябрь Улуу Октябрь социалисттик революция күнү болгондуктан, дем алыш күн деп жарыяланды. Андан сырткары бул күнү Басма сөз күнү белгиленет.