Ош. Өзгөн шаарынын күнү кол өнөрчүлүк, тамак-аш, мөмө-жемиштердин көргөзмөсү менен коштолду

Кечээ, 30-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин  депутаттары, район жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык кечеде Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, “Өзгөн шаары - Кара-Дарыя менен Жазы дарыясынын боюнда жайгашып, бабалардын изи, байыркынын нугу калган, бир кездери кең Фергана өрөөнүндөгү соода-сатыктын чордону, маданияттын борбору болгон касиеттүү шаар. Байыркы Өзгөн Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө өзүнүн базарлары менен белгилүү шаарлардан болгондугуна заманыбызда табылган табылгалар, тарыхый курулуштар күбө. Мына ушул ырыскы төгүлгөн, элдин меймандостугу жүзүнөн көрүнгөн шаар эли мындан ары да ынтымак-ырашкердик менен күн кечиришин тилеймин. Дагы да достукту бекемдеңиздер, ынтымакты арттырыңыздар. Жылдан-жылга өсүп-өнүгүп, жаштарды татыктуу тарбиялап келе жаткан касиеттүү Өзгөн шаарынын күнү менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Шаарыбыздын зоболосу көтөрүлүп, улам жаңыра берсин! Жараткан жалаң жакшылыктарды жаадырып турсун!” деди. Ошондой эле Шаар күнүнө карата бир катар социалдык объектилердин салтанаттуу ачылыш аземдери болуп, кол өнөрчүлүк, тамак-аш, мөмө-жемиштердин көргөзмөсү өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-10-31 16:45:32
Өзгөнүм менин сагындымгооо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан