Ош шаары жана Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 180 кызматкердин арасынан 40ка жакыны эгемендик алгандан кийинки жылдары коомдук коопсуздукту сактоо учурунда каза табышкан. Бүгүнкү күнү өз милдетин аткаруу учурунда курман болгон 37 милиция кызматкеринин ысымдары айрым райондук ИИБине, өздөрү билим алышкан мектептерге жана алар жашаган шаардын жана айылдардын көчөлөрүнө ыйгарылган.