Ош. Кызмат учурунда каза тапкан күч органдарынын кызматкерлерин эскерүү аземи болуп өттү

Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда каза тапкан күч органдарынын кызматкерлерин эскерүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эскерүү аземи кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Иш-чаранын катышуучулары кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерин эскерип, алардын айкелдерине гүлчамбарларды коюп жана арбактарына багыштап куран окушту.  

Эскерүү аземине катышкан башкармалыктын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракеси менен ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жана жалпы өздүк курамдын атынан куттуктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан