31-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 562 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,7 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 197 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 226 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 555 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 493 метр кубду түзгөн.
Эске салсак, өткөн жылы 31-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 775 миллион метр кубду түзгөн.