Ош шаарынын аймагында жеке менчик турак үйлөрдө саат түнкү 00:00дөн баштап эртең мененки саат 6:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, чектөө Манас-Ата кичи шаарчасындагы Нариман, Жаңы-Турмуш айылдарында, Жийделик, Жим көчөлөрүндө, Амир-Темир аймактык кеңеши, Калинин көчөсү, Курманжан датка аймактык кеңеши, Жапалак, Кеңеш, Оруке, Чурулдай, Ишекаван, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Жаңы-Турмуш, Беш-Кепе, Озгур, Төлөйкөн, Учар, Тээке, Ак-Тилек айылдарында электр жарыгына чектөө киргизилет.
Ошондой эле Ленин, Курманжан датка көчөлөрүндөгү жер үйлөрдөгү электр жарыгы да аталган графикке ылайык өчүрүлсө, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө, социалдык мекемелерде электр жарыгы өчүрүлбөйт.